Советтик аскер башчы, фашисттик Германияны жеңүүдө зор эмгек сиңирген маршал Георгий Жуков 77 жашында Москвада каза болгон.
Георгий Жуков 1896-жылы 1-декабрда төрөлгөн. Бала кезинен кыйынчылыкты, жокчулукту тартып чоңойгон. Атасы өтүкчүлүк кылып ар кай жерде иштеп, апасы да оор жумуштарга жалданып, эптеп бир нерсе таап келгенге аракет кылган катаал күндөргө аралашып кичинекей Гошанын балалык күндөрү да өткөн.
Биринчи дүйнөлүк согушта Георгий Жуков кавалерияда кызмат өтөгөн. 1915-жылы август айында аскер катарына кошулуп, эки жылдай согуш линиясында болуп, унтер-офицер чинин алган. Октябрь революциясынын алгачкы учурларындагы окуяларга тиф оорусуна чалдыгып, катыша албай калса, 1918-жылдан тарта бүт өмүрүн Кызыл Армия менен байланыштырган. 1919-жылы 1-мартта Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө алынган. Совет өкмөтүнө кызмат кылууга ант берген Жуков ак казактарга каршы согушуп, Деникин, Колчактын армиясы менен болгон кармаштарда жүргөн. Жарандык согуштун аягында Антоновдун аскерин жок кылууга Воронеж облусуна жөнөтүлгөн.
Баштапкы аскердик билимди Жуков Ленинграддагы Жогорку кавалериялык мектепте уланткан, ал жерде кийин фронттук досу болгон, согуш линияларында көп кездешишкен К.К.Рокоссовский экөөнүн жолдору кесилишкен. Рокоссовский Жуковдун окуп жүргөндө эле анын аскердик окууга өзгөчө маани бергенин, анын бөлмөсүнө кирип калганда Георгийдин жерге жайылган картанын үстүндө иштеп жатканын дайыма көрө турганын эскерген. Көздөгөн максатына кескин чечим кабыл алуу менен жеткен, маршал И.Х.Баграмян белгилегендей оригиналдуу ой жүгүртүүсү менен башка аскер жетекчилеринен айырмаланган, өзүнүн ойлору, чечимдери менен талаш-тартышты жаратса да, так логикасы менен өз оюнун тууралыгын далидей алган Жуков кызматы боюнча жогорулоонун үстүндө болгон. 1923-1930-жылдары кавалерия полкун жетектесе, 1933-1936-жылдары 4-дондук кавалериялык дивизиянын башына келген. 1937-жылы кавалериялык корпустун башкы командири болгон. 1938-жылы Белорусия аскердик округунун командиринин орун басарлыгына көрсөтүлгөн. Полководецтердин полководеци деген даңктуу жолу 1936-жылы 12-марттагы келишимдин негизинде советтик өкмөт Монголиянын сырткы агрессиядан коргоо милдетин алган жерлерде бейкуттук бузулуп, 1939-жылы япон аскерлери басып кирген Монголиянын талааларында башталып, 1945-жылы Берлинде гитлердик аскерди толук багындырып, рейстахка туу илүү менен аяктаган. Мына ушул легендарлуу согуштагы иштери тууралуу кийин бир эле совет адамдары эле сөз кылып жазбастан, 1945-жылы 12-февралда амеркалык "Лайф" журналы ал жөнүндө макалага көрүнүктүү жерден орун берсе, америкалык публицист Гаррисон Е.Солсберн "Великие битвы маршала Жукова" (1969), америкалык тарыхчы Мартин Кайден "Тигры горят" (1974) деген китептеринде тамшануу менен анын "Цезардан тарта Клаузевицке чейин классикалык аскер адабиятын билген " гений маршал катары мекендештерине сөз кылып беришкен.