Орусиялык муз үстүндөгү бийчи Елизавета Туктамышева Удмуртиянын Глазов шаарында төрөлгөн. Ал 12 жашында эң оор элементтерди өздөштүргөндүктөн, "муз үстүндө бийлөөнүн вундеркинди" деп аталып калган. Елизавета Туктамышева 2010-2011-жылдары юниорлордун арасындагы Дүйнөлүк чемпиондукта күмүш медаль алган. Ал Орусиянын чемпиону жана Орусиянын Эл аралык даражадагы спорт чебери.