Англиялык деңизчи (моряк) Фрэнсис Бофорт 83 жашында көз жумган. Ал шамал күчүнүн 12 баллдык шкаласын иштеп чыккан аскердик гидрограф жана картограф катары да таанымал. Фрэнсис Бофорттун урматына Түндүк Муз океанындагы деңиз жана Антарктикадагы арал анын ысымын алып жүрөт.