“Белый пароход” интернет басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө эсине келе албай жатып, жарык дүйнө менен кош айтышкан.