Америкалык актриса Кэти Холмс АКШнын Огайо штатындагы Толидо шаарында туулган. Ал 14 жашынан тартып моделдик мектепке барып, 18 жашында "Ледяной ветер" аттуу тасмада роль жараткан. Ал эми 1998-жылы "Бухта Доусона" сериалында башкы ролду жаратуу боюнча сунуш түшүп, анда 2003-жылга чейин тартылган. Дал ушул тасмадагы ролу актрисага атактуулук алып келген. Кийин "Экстрамен", "Караңгыдан коркпо", "Кооптуу квартал", "Кеннединин кланы" ж.б. фильмдеринде ойногон.