23- Май 1937 -жылы
Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети уюшулган
Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети уюшулган. Комитет башына Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Исакеев дайындалып, ар бир тармак боюнча жетекчилер белгиленген. Бирок көп өтпөй эле алардын басымдуу көпчүлүгү эл душмандары аталып камакка алынып, бир даары болсо атылып кеткен.