19- Июнь 1932 -жылы Кыргызстанга СССР Илимдер Академиясынын атайын экспедициясы келген
Кыргызстанга москвалык жана ленинграддык 75 окумуштуудан турган СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү экспедициясы келген. Геологиялык жана геохимиялык топ Кыргызстан аймагында орун алган алтын, күмүш, жез, темир сыяктуу кендерди жана жылуу суу чыккан аймактарды изилдөөгө киришкен. Мал чарбасын иликтеген топ топоздорду бодо мал менен аргындаштыруу ишин башташса, археологдор өлкө аймагындагы тарыхый эстеликтерди издешип, археологиялык казууларды жүргүзүшкөн. Этнографтар Кыргызстандын айыл-кыштактарын кыдырышып, материалдык маданият үлгүлөрүн тарых музейине топтошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан