
Италиялык авантюрист, жазуучу жана саякатчы
Жованни Жакомо Казанова 73 жашында Чехияда каза болгон.
Жакомо Казанова 1725-жылы 2-апрелде Италиянын Венециясында туулган. Франция, Чехия, Германия, Швейцария, Англия, Орусия, Австрия, Испания, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү кыдырган. Вольтер, Руссо, Вивальди, Суворов, Екатерина II, Фридрих II, Людовик ХV ж.б. тарыхый инсандар менен жолугуп, баарлашкан.
Жазуучунун чыгармалары – “Иксамерин” (фантастикалык 5 томдуу роман), “Менин жашоомдун тарыхы” (12 томдон турган мемуар), “Менин качуумдун тарыхы” ж.б.