19- Декабрь 2009 -жылы Феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык Ким Пик каза тапкан
Савант синдрому менен ооруган феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык Ким Пик 1951-жылы 11-ноябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында төрөлгөн. Окуган маалыматынын 98 пайызын эсинде сактап калгандыктан "Ким-пьютер" деген лакап атка ээ болгон. 
Ким Пик төрөлгөндөн 16 ай өткөн соң  окуганды үйрөнүп, көп убагын окуу менен өткөргөн. 3 жашында гезиттерди калтырбай окуп, 7 жашында Библияны жатка билген. Үйүндөгү китепканадагы китептерди окуп, аларга кайрадан кайрылбаш үчүн тетири каратып койчу экен.
Кимди ден соолугуна байланыштуу кадимки мектепке албай коюшкан. Ал эми 50-60-жылдары АКШда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын мектептер болгон эмес. Ошентип Кимди окутууну атасы өз колуна алган. Ал 14 жашында мектеп программасын толук бүтүрүп, бирок ал жашаган штаттын билим берүү башкармалыгы атайын сертификат берүүдөн баш тартып койгон.
1969-жылы 18 жашында Ким бухгалтер болуп жумушка орношуп, бош убактысын китеп окуу менен өткөргөн. Дал ошол убакта Шекспирдин дил баяндарынын жыйнагын окуп, эсине толугу менен сактап калган. Ошентип ал дүйнөнүн жана Американын тарыхына, спорт, кино, география, космок, Библия, адабият жана классикалык музыкага кызыга баштайт. Ким ал убакта АКШнын эл аралык телефондук коддорун, почта индекстерин жатка билген. Ошондой эле Американын шаарларынын карталарын мээсинде сактап жүргөн. Эгер кимдир бирөө кайсы бир жакка баруунун жолун сураса, эч бир кыйынчылыксыз жардам берген. Андан тышкары Ким Пик классикалык музыкага кызыгып, жүздөгөн чыгармалар менен тааныш болгон. Алар жөнүндө бүт маалыматты жатка билип, ал кайсыл жакта, ким тарабынан жазылып, биринчи жолу ким аткарганынан бери билген.
Ким Пик китеп окуунун өзгөчө техникасын ойлоп таап, китептин эки бетин окуганга 8-10 секунда гана сарптаган. Ал өмүрүнүн аягында эсинде 12 миңге жакын китептин мазмунун сактаган.
Бирок Кимдин баскан турганы ден соолугуна байланыштуу кадимки адамдан башкача болгон. 4 жашында гана баса баштаганы да маалым. Ал жада калса көйнөгүнүн топчуларын да топчулай алган эмес. 
Ошентип Ким Пиктин жашы өткөн сайын анын ар кандай жөндөмдүүлүктөрү ачыла берген. Өзүнүн физикалык абалына карабай, 2002-жылы фортепианодо ойногонду үйрөнгөн.
1984-жылы Ким Пик Арлингтон шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Ассоциациясынан Эл аралык конференцияга катышууга чакыруу алат. Ал жактан Барри Морроу аттуу жазуучу менен таанышып, узак убакытка баарлашып калат. 4 саатка созулган маектен соң таң калган жазуучу Кимдин атасынан аны элден катпоосун суранат. Бирок атасы уулунан шоу жасагысы келбегенин айтып, каршы чыккан. 
Кимдин жөндөмүнө таң калган жазуучу Барри Морроу "Жаандын адамы” ("Человек дождя") аттуу тасманын сценарийин жазууга киришкен. Ошентип Ким Пик “Жаандын адамы” ("Человек дождя") тасмасындагы Дастин Хоффман жараткан каармандын прототибине айланган. Бирок тасмадагы көпчүлүк эпизоддор чыныгы Кимдин жашоосуна дал келген эмес. 
1996-жылы Кимдин атасы Фрэн Пик уулу жөнүндө “Чыныгы жаандын адамы: Ким Пик” ("Настоящий Человек дождя: Ким Пик") аттуу китебин жазып чыккан.
Ким Пик жашоосунда үйлөнмөк тургай кыз да жандап баскан эмес. 
Ошентип феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ Ким Пик 58 жаш курагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы госпиталда жүрөк оорудан улам каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан