20- Декабрь 1873 -жылы
Түрк акыны Мехмет Эрсой туулган
Түрк акыны Мехмет Эрсой Стамбулда төрөлүп-өскөн. Ал акын гана эмес ветеринар, мугалим, дин аалымы, сүзүүчү жана саясатка аралашып, убагында депутат да болгон. Ал Куран китебин которгону менен таанымал.
Атасы албан, ал эми апасы бухаралык өзбек кызы болгон. Мехмет Эрсой мектеп курагында эле ыр жаза баштап, гезит, журналдарга ырлары чыга баштайт. Ыр жазуудан сырткары котормочулук менен да алектенип, египеттик акындардын чыгармаларын которуп, жарыялаган. Кийин Туркиянын гимнинин сөзүн жазууга сынак жарыяланып, ал сынакты жеңип алган. Ошентип Мехмет Эрсой жазган гимндин тексти 1921-жылы 12-мартта бекитилип эмдигиче ырдалып келет. 1930-жылы боордун циррозу менен ооруп калып, 1936-жылы 27-декабрда Стамбулда кайтыш болгон.