Түштүк кореялык атактуу кинорежиссёр Ким Ки Дук Түштүк Кореядагы Собённи кыштагында төрөлгөн. Алгач сүрөтчү катары таанылып, кийин тасмаларга сценарий жазууга өткөн. Аны улай режиссёрлук менен алектенип, эл аралык сыйлыктарга арзыган тасмалары жарык көрө баштаган. Анын "Пьета" тасмасы Венециядагы кинофестивалда "Алтын арстан" сыялыгына ээ болгон.