20- Декабрь 2009 -жылы
Америкалык актриса жана ырчы Бриттани Мёрфи көз жумган
Америкалык актриса жана ырчы Бриттани Мёрфи 32 жашында Лос-Анджелестеги үйүндө жүрөгү токтоп калып көз жумган. Ал "Үзүлгөн жашоо" ("Прерванная жизнь"), "Сегизинчи миля" ("Восьмая миля"), “Жаш жубайлар” ("Молодожёны"), “Күнөөлөрдүн шаары” ("Город грехов") тасмаладагы ролу аркылуу атактуулукка жеткен. Бриттани Мёрфи өзүнүн актёрлук карьерасында 50дөн ашык тасма жана сериалдарга тартылып, алардын көпчүлүгү баш каармандар болгон.