Америкалык актёр, продюсер Семюэл Жексон Вашингтондо туулган. Ал "Тропикалык лихорадка" тасмасындагы ролунан кийин эл көзүнө көрүнүп, "Патриоттор оюну", “Юр доорунун сейил багы” тасмаларына тартылып, атактуулугу арткан. 1994-жылы “Криминалдык окуу” филмине тартылып, супержылдыздардын катарына кошулган. Актёрдук карьерасында 100дөн ашык тасмаларда роль жаратканга үлгүргөн.