21- Декабрь 1967 -жылы Грузиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, Грузиянын 3-президенти Михаил Саакашвили туулган
Грузиялык мамлекеттик жана саясий ишмер, Грузиянын 3-президенти Михаил Саакашвили Тбилиси шаарында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1992-жылы Киев Эл аралык мамилелер институтунун эл аралык укук факультетин кызыл диплом менен аяктаган соң, АКШ департаментинин стипендианты катары Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетине жөнөйт. Анда 1994-жылы укук боюнча магистрдик деңгээлин алат. Кийин Страсбургдагы Адам укуктары университетинде билим алуусун улантып, ушул эле тармактагы Флоренция жана Гаага академияларын да бүтүрөт. 1995-жылы АКШдагы Жорж Вашингтон атындагы университетте доктордук диссертациясын жактайт. Үстү-үстүнө дипломдорду жыйган Саакашвили саясатка аралашып калбаса, дүйнөдөгү кадыр-барктуу адвокаттардын катарын толуктамак.
Михаил Саакашвили англис, француз, орус, украин жана испан тилдерин билет.
Чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, саясатка 1995-жылы Грузиянын атактуу саясатчысы жана досу Зураб Жваниянын чакыруусу менен келип калат. Анын “Грузия жарандарынын союзу” деген партиясынан депутат болуп шайланып, кийинки чакырылышта да ушул эле партиянын атынан келет.
2000-жылы 33 жашында Грузиянын адилет министри болуп дайындалган, бирок бир жылдан кийин эле ошол учурдагы Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзени жана өкмөт мүчөлөрүн паракор деп күнөөлөп, өз арызы менен "креслону" бошотот.
Өзү оппозициялык “Улуттук кыймыл” уюмун түзүп, 2003-жылы 3-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого катышат. Оппозициялык блок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, каршылык акцияларын баштайт. Ошентип, 22-ноябрда оппозициячылар колдоруна роза гүлдөрүн кармап, парламентке кирип, аны басып алышат. Эдуард Шеварднадзе отставкага кетүүгө аргасыз болуп, 2004-жылдын январь айында Михаил Саакашвили Грузиянын президенти болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан