21- Декабрь 1977 -жылы
Орусиялык телеалпаруучу, ырчы жана актриса Анфиса Чехова төрөлгөн
Орусиялык телеалпаруучу, ырчы жана актриса Анфиса Чехова Москвада төрөлгөн. Бала кезинен актриса болууну самап мектепти аяктаган соң ГИТИСке тапшырган. Бирок аягына чыккан эмес. Андан соң ырчылык карьерасын баштап, "Безумные светлячки" тобунда ырдай баштаган. Ал учурда "Муз-ТВ" каналы көңүл ачуучу телеберүүнү алып баруусун сунуштап, ошентип алпаруучулук карьерасы башталат. Ал эми актриса катары театрда дебют жасаган. Ошентип "Универ", "Нике шакек" сыяктуу тасмаларга да роль жаратууга үлгүргөн.