22- Декабрь 2009 -жылы журналист Геннадий Павлюк көз жумган
16-декабрда “Белый пароход” интернет-басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатып, эсине келбей жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоними менен белгилүү Геннадий Павлюктун денеси 16-декабрда Алматыдагы Фурманов көчөсүнөн орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Ошол эле күнү ММКларда журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө шектүү маалымат тараган. Казакстандын тартип коргоо органдары журналистке кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кыргызстандык укук коргоочулар жана саясатчылар журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышкан. Журналисттин сөөгү 24-декабрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилген. 
Г.Павлюк “Аргументы и факты – Кыргызстан”, “КП в Кыргызстане” гезиттеринде башкы редактор болуп иштеп, “Белый пароход” интернет-басылмасын чыгарып келген.
Г.Павлюк учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин доорун сындаган макалаларды жазып турган. 2011-жылы 11-октярда Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту Г.Павлюктун өлүмү боюнча өкүм чыгарган. Кылмышты уюштурган деп табылган Кыргыз мамлекетинин Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17 жылга, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жана Шалкар Уразалин 11 жылга эркинен ажыратылган.
2010-жылы 8-октябрда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанында журналистке колодон жасалган эстелик орнотулган. Бирок 2012-жылы 21-майда ал уурдалып кетип, 10-декабрда кайрадан калыбына келтирилген эстеликтин ачылышы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан