Елена Мухина - спорттук гимнастика боюнча СССРдин спорт чебери, СССРдин (1979) жана Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Ал 1960-жылы 1-июнда Москвада туулган. 5 жашында ата-энесинен ажырап, жетим калган. Ал олимпиадалык сыйлыктын эң жогорку белгиси - Эл аралык олимпиада комитетинин Олимпиаданын күмүш ордени менен сыйланган. Ал эми 1980-жылы СССРдин Ардак белгиси орденине арзыган.