23- Декабрь 1895 -жылы англиялык астроном Жон Хайнд көз жумган

Букачар жылдызын, 10 астеорид жана 2 кометаны ачкан англиялык астроном Жон Хайнд Лондондун Твикенхэм шаарчасында 72 жашында көз жумган.

Астроном 1823-жылы 12-майда Англиянын Ноттингем шаарында төрөлгөн. 17 жашында Лондон шаарына барып, жарандык инженердин кесибин өздөштүрөт. 1840-1844-жылдары Гринвич обсерваториясынын метеорологиялык бөлүмүндө иштеп, 1844-1853-жылдары Жорж Бишоптун жеке менчик обсерваториясында жетекчилик кызматты аркалаган. Жон Хайнд астероиддерди изилдеген эң алгачкы окумуштуулардын бири болгон. Ал Падышалык астрономиялык коомдун алтын медалы менен сыйланган. Анын урматына Айдагы кратерге жана №1897 астероидге ысымы ыйгарылган. Иындан тышкары ал 1851-жылы 28-июлда күн тутулуп жаткан учурда күндүн сыртындагы атылып чыгарылуучу ысык газдарды биринчи болуп байкаган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан