24- Декабрь 1997 -жылы
Япон актёру Тосиро Мифунэ каза тапкан
Көбүнчө режиссёр Акира Куросаванын тасмаларындагы ролдору аркылуу таанылган япон актёру Тосиро Мифунэ 77 жашында каза тапкан. “Empire” журналынын версиясы боюнча, дүйнөнүн эң мыкты 100 актёрлордун тизмесине кирген.
Тосиро Мифунэ 1920-жылы 1-апрелде Кытайдын Циндао шаарында туулган. Актёрдун катышуусундагы алгачкы тасмалар 1947-жылы чыгып, алар "Время новых дураков" жана "По ту сторону серебряного хребта" деп аталган. Андан кийин Тосиро Мифунэ "Пьяный ангел" (1948), "Расёмон» (1950), "Идиот" (1951), "Семь самураев" (1954) ж.б. сыяктуу тасмаларда роль жаратып, атактуулукка жеткен.