
Жергебизде “Кыргызстан – Санта-Клаустардын мекени” деген туристтик брендди жарнамалоо башталган. Анын эң негизги максаты өлкөбүзгө туристтерди чакыруу болгон.
Санта Клаус жана анын досторунун кышкы эл аралык фестивалына Орусия, АКШ, Япония, Кытай, Индия, Корея, Түркия, Канада, Дания, Швеция, Норвегия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр катышкан.
Фестивалдын жүрүшүндө Аяз Аталар менен Санта Клаустар өлкөнүн жетекчиси менен жолугушкандан сырткары Ала-Арча, Ысык-Көл, ошондой эле тоодогу лыжа тебүү базаларына чейин кыдырышып, бул иш-чара Кыргызстандын кооз жаратылышын, маданиятын дүйнөлүк коомчулукка таанытууга өбөлгө болуп, эл аралык аренага Кыргыз өлкөсү туризм өлкөсү катары таанылуусу үчүн уникалдуу жарнама болуп берерине шарт түзүп келген.