Армения президенти Роберт Кочарянды колдогону үчүн оппозициянын өкүлдөрү белгилүү журналист Тигран Нагдалянды ата-энесинин үйүнөн чыгып келе жатканда атып кетишкен. Журналистке 7 жолу ок тийип, ооруканага жеткирилген, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.