1911-жылы Оксфорд окуу жайына тапшырып, филология илимин өздөштүрүүнү улантат. 1916-жылы үйлөнүп, 4 жылдан кийин 2 уулдуу болот. 1922-жылы жазуучу орто кылымдагы англис тилинин сөздүгүн жазып, 2 жылдан соң Англиянын Лидс шаарындагы эң жаш профессор аталган. 1937-жылы алгачкы романы "Хоббит" жарыкка чыгып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат. Ал эми 50-жылдардын ортосунда "Шакектер шаасынын" 3 китеби басылып чыккан. 30 жылдын ичинде бул китептер орус, япон жана башка ондогон тилдерге которулуп, котормолордун сапатын Ж.Толкин өзү текшерип турган.
Ж.Толкин "Сильмариллион" (1977), "Бүтпөй калган жомоктор" (1980), "Хуриндин балдары" (2007), "Эки чеп" (1954), "Толкиндин окурманы" (1966), "Том Бомбадилдин саякаттары" (1962) жана башка ондогон китептердин автору.
Бала чагында жазуучу достору менен ич ара сүйлөшүү үчүн бир нече тилдерди ойлоп тапкан. Ж.Толкин көптөгөн жасалма тилдердин автору болуп саналат. Алсак, ал жогорку эльфтердин тили - квенья, боз эльфтердин тили - синдаринди ойлоп тапкан. Белгилүү жазуучу 1973-жылы 2-сентябрда 81 жашында көз жумган. Анын чыгармаларынын негизинде 25 тасма тартылган.