Бельгиялык ырчы, композитор, актриса Лара Фабиан Бельгиянын Эттерберк шаарында туулган. "Мен сени сүйөм" ("Je T’aime") жана "Адажио" ("Adagio") деген хит ырлардын аткаруучусу Лара Фабиандын чыныгы фамилиясы - Крокарт. Ырчынын апасы Италиядан, атасы бельгиялык болгон. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен.