15- Январь 2001 -жылы
“Википедия” сайты негизделген
Интернеттеги ачык, акысыз коомдук энциклопедия “Википедия” сайты Жимми Уэлс жана Ларри Сэнгер аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Сэнгер ойлоп тапкан бул термин гаваййа элинин wiki - "ыкчам" деген сөзүнөн жана "энциклопедия" сөзүнөн куралган.
“Википедия” — дүйнө калктары үчүн акысыз сунушталган интернеттик энциклопедия. Бул интернеттик энциклопедияны дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ыктыярдуу авторлор биргелешип 285тен ашуун тилдерде жарыялап келишет. Ушул тапта Википедиянын казынасында бардык тилдердин кампасын кошкондо 20 миллиондон ашык макала бар. Бул интернет баракты айына 400 миллиондон ашуун киши окуйт.
Википедия интернет барагы атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу менен түзүлгөн "Викимедиа Фаундейшн" фонду тарабынан каржыланат.