10- Январь 1944 -жылы Советтер Союзунун Баатыры Зина Портнова көз жумган
“Жаш өч алуучулар” жашыруун уюмунун мүчөсү, партизан, чалгынчы, Советтер Союзунун Баатыры Зина Портнова 17 жашында көз жумган.
Зина Портнова 1926-жылы 20-февралда Ленинградда туулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ал 1942-жылы “Жаш өч алуучулар” жашыруун уюмуна мүчө болуп кирген. Ал уюмдун мүчөлөрү элге ар кандай баракчаларды таратуу иштерине жана душманды жок кылуу операцияларына көмөктөшүп иштешкен. Зина Портнова немис офицерлерин даярдоо курсунун ашканасында иштеп, тамакка уу кошуу менен жүздөн ашык душманды жок кылган. Териштирүү убагында өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдөө үчүн ууланган тамакты ичип, бирок аман калган.
Ал эми 1943-жылдын август айынан тартып чалгынчы болуп, ошол эле жылдын декабрь айында душмандардын колуна түшүп калган. Сурак убагында столдун үстүндө турган немис тергөөчүсүнүн куралын алып, тергөөчүнү жана дагы 2 адамды атып өлтүрүп, качууга аракет кылган. Тилекке каршы, колго түшүп калып, Белоруссиянын Полоцк шаарындагы түрмөдө 17 жашында атылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан