12- Январь 1936 -жылы
латвиялык композитор Раймонд Паулс туулган
Латвиялык композитор, “Жаңы толкун” сынактарынын демилгечиси Раймонд Паулс Рига шаарында туулган. Эмиль Дарзин атындагы музыкалык окуу жайын аяктап, Латвия мамлекеттик консерваториясына тапшырган. Эмгек жолун 1958-жылы Рига шаарындагы эстрадалык оркестрда баштаган. Ал эми 1964-1970-жылдары ошол оркестрди жетектеген. Паулс эчендеген эстрадалык хит ырлардын автору. Анын ырларын Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, София Ротару, Лайма Вайкуле, Лариса Долина, Эдита Пьеха, Кристина Орбакайте, Анне Вески баштаган атактуу жылдыздар аткарып келишет.