24- Май 1856 -жылы саякатчы Чокан Валиханов Каркыра суусун бойлоп Ысык-Көлгө келген
Саякатчы Чокан Валиханов Каркыра суусун бойлоп Ысык-Көлгө келген. Саякатчы мындагы жер өзгөчөлүгү жана кыргыз урууларынын абалы, алардын ич ара мамилелери туурасында баяндап, бугу манаптары жана подполковник Боромбай Бекмуратов, Муратаалы Бекназаров, Казыбек Шералин, Карач бий, Тилекмат бийлер менен жолуккандыгын кабарлаган. Валиханов "Манас” эпосун өз атынан атап, ага көркөм чыгарма катары мамиле кылып, эл турмушунан алган орду менен маанисин баалаган, чыгарманы тарыхый-адабий талдоодон өткөрүп, каармандарына мүнөздөмө берген, тексттерин кагаз бетине түшүрүп, башка тилге которгон биринчи окумуштуу болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан