14- Январь 1963 -жылы
орусиялык актриса жана ырчы Анна Самохина төрөлгөн
Орусиялык актриса жана ырчы Анна Самохина Кемеров облусуна караштуу Гурьевск шаарында төрөлгөн.
Ал эми 2010-жылдын 8-февралында актриса дарыгерлердин айтуусунда, ашказан рагынан улам дүйнө салган. Самохина өлөрүнөн 4 күн мурун эле Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. Ал "Мыйзамдагы ууру", "Дон Сезар де Базан", "Карышкырдын үйүрү", "Кара карга" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.