Эстрада-фольклор ырчысы Замир Арыкбаев Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Беш бир туугандын ортончусу.
Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.