Орус драматург Антон Чехов Екатеринослав губерниясындагы Таганрог аттуу жерде туулган. Орус жазуучусу, драматург Антон Чехов кесиби боюнча медкызматкер болгон. Ал жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн медицинага арнап, мындай дегени бар: "Медицина - бул менин никелүү аялым, ал эми адабият болсо - ойношум." Анын "Чайка", "Алчалуу бак", "Кутудагы киши" сыяктуу көрүнүктүү чыгармалары бар.