1980-жылдан тартып Алла Пугачёванын "Рецитал" аттуу ансамблинде иштеп, ошол эле жылы Москвадагы маданият институтун бүтүргөн. Ал эми 1983-жылдан тарта Алла Пугачёва "Айсберг", "Расскажите, птицы" сыяктуу Игорь Николаевдин калемине таандык ырларды ырдап чыга баштаган. Анын көпчүлүккө белгилүү ырларынын катарын "Паромщик" (Алла Пугачёва), "Комарово" (Игорь Скляр) жана башкалар толуктайт. И.Николаевдин ырчылык карьерасы 1986-жылы "Мельница" ырынан башталган. Бир жылдан соң ыр жыйнагын чыгарып, А.Пугачёва менен Японияга гастролго чыгып, чыгармачылык менен кызуу алектене баштаган.
1990-жылы ырчы Наташа Королёванын "Жёлтые тюльпаны" ыр жыйнагынын чыгышына жардам берген. Ушул мезгилден тарта экөө үй-бүлөлүк жана чыгармачыл бирикме түзүшөт. И.Николаев бир нече ирет "Жылдын композитору" наамына ээ болгон. Андан тышкары 2001-жылы Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер аталып, "Пять причин" жыйнагы үчүн "Золотой граммофон" сыйлыгын алган. Ал Валерий Леонтьев, Филипп Киркоров, Валерий Меладзе жана Хулио Иглесиас өңдүү белгилүү ырчылардын чыгармаларына обон жараткан.
Жеке жашоосу
Композитордун карьера жасашына анын алгачкы жубайы Елена колдоо көрсөткөн. 1978-жылы экөө Юлия аттуу кыздуу болушкан. Көп өтпөй ажырашып, 1994-жылы ырчы Наташа Королёва менен баш кошкон. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам бул никеси дагы ийгиликсиз болуп, 2010-жылы И.Николаев ырчы Юлия Проскуряковага үйлөнгөн.