Кыргыз телеграф агенттиги “Фрунзе шаарынын айрым ишканалары Египеттеги Асуан ГЭСинин курулушуна тартылышат” деген кабарды тараткан. Борбор шаардагы контролдук-ченөө ишканасы плотина үчүн бийиктик өлчөгүч аспапты, Фрунзе ремонтоо заводу универсалдык курчуткуч станокторду жибермек болгон.