17- Январь 1964 -жылы
АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама туулган
АКШнын 44-президенти Барак Обаманын жубайы, АКШнын биринчи айымы Мишель Обама (турмушка чыкканга чейин аты Ла Вон Робинсон) Чикаго шаарында туулган. Ата-энеси жөнөкөй кесиптин ээлери, аталган шаардагы суу түтүктөрү компаниясынын кызматкерлери болгон.
Мишель Чикагодогу эң престиждүү деген Уитни Янг атындагы мектепке окуп, 1981-жылы Принстон университетинин социология факультетине тапшырып, 1985-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Гарвард юридикалык мектебинде билим алган. Ал окууну аяктаган соң Чикаго шаарындагы Sidley Austin юридикалык фирмасына кызматка орношуп, өмүрлүк жары Барак Обама менен ошол жерден таанышкан. 1992-жылы эки жаш баш кошушат. Ошол эле жылы Мишель Обама Чикаго шаарынын мэринин жардамчысы кызматына орношот. 1993-жылы Public Allies аталган жаштардын коомдук бирикмесинде Чикаго шаардык офисинин директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалайт. 1996-жылы М.Обама Чикаго университетинин студенттер менен иштөө деканатынын жардамчысы болуп орношот. Ал эми 2002-жылы АКШдагы бирден-бир мыкты делинген Чикаго университетинин алдындагы медициналык Академиянын коомдук иштер бөлүмүн жетектеп келсе, 2007-жылдан тарта аталган мекемеде коомдук жана тышкы саясат иштери боюнча вице-президенттик кызматын аркалап келген.
Мишель жана Барак Обама эки кыздын ата-энеси. Улуу кызы Малиа 1998-жылы, кичүүсү Наташа 2001-жылы туулган. Мишель жолдошунан үч жаш кичүү.