А.Воробьёв "Сумасшедшая", "Ямайка", "Я всегда буду с тобой", "Самая красивая", "Счастлив сегодня и здесь", "Get you" "She's Crazy But She's Mine" жана башка ырлардын аткаруучусу. 2011-жылы "Евровидение" сынагында Орусиянын атынан чыгып, бирок ийгиликке жетише алган эмес.
Ал "Деффчонки" сериалы, "Үч мушкетёр", "Алисанын кыялдары", "Гастролдоочулар", "Лейтенант Кравцовдун 3 күнү", "Бүтпөй калган сабак" жана башка 10го жакын тасмада роль жараткан.
2008-жылы ырчы "Dance4Life" долбоору менен иштеше баштаган. Ошол эле жылы БУУнун СПИД менен күрөшүү боюнча расмий ыктыярдуу элчиси болгон. 2014-жылы Воробьёв режиссёр катары алгачкы кыска метраждуу "Ата" тасмасын тарткан. Ырларынын сөздөрү жана музыкасы өзүнө таандык. Ошондой эле ал өзү тартылган тасмалардагы саундтректердин дагы автору.
Жеке жашоосу
А.Воробьёв учурда бойдок. Анын биринчи сүйлөшкөн кызы ырчы Юлия Василиади болгон. Ошондой эле ал актриса Анна Чиповская, алпаруучу Татьяна Терехова, ырчы Татьяна Навка, актриса Оксана Акиньшина, ырчылар Анна Седокова жана Виктория Дайнеко менен сүйүү мамилелерин курган деген кептер тараган.