“Ак жол” фракциясы төрт казакстандык пансионатка Ысык-Көлдөгү 59 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү боюнча келишимдин ратификациясын жактырып, аны кабыл алган. Эгер буга чейин коңшулар жер салыгын жана башка салыктарды гана төлөп келишсе, келишим кабыл алынгандан кийин ижара төлөмүн да жасап, 1 гектар жерге жылына жыйырма төрт миң сом төлөнөрү маалым болгон.