Атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган.
Жоомарт Бөкөнбаев 1726-1931-жылдары Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933-1935-жылдары Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуган.
Эмгек жолун 1931-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935-1941-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору болуп иштеген.
Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, "Мекен үчүн алга" дивизиялык гезиттин редактору болуп калат.
Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин "Жер алган кедейлерге" аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. Ал эми 1933-жылы "Эмгек төлү" аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1935-жылы жарык көргөн "Алтын кыз" поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн. Жоомарт Бөкөнбаев "Семетей" пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, "Айчүрөк" жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу.
"Алтын кыз" поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал ошондой эле көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору.
Жоомарт Бөкөнбаев Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акын 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ал "Ардак белгиси" ордени менен сыйланган.
1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш-сапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.