20- Январь 1963 -жылы
литвалык актриса Ингеборга Дапкунайте төрөлгөн
Литвалык актриса Ингеборга Дапкунайте Вильнюста төрөлгөн. Ингеборганы алгач ата-энеси спортчу болот деп ойлошкон. Себеби ал бала кезинде спорт менен алектенип, муз үстүндө бийлөө, баскетбол боюнча көп ийгиликтерге жеткен. Бирок мектепти аяктаган соң консерваторияга тапшырып, 1985-жылы бүтүргөн. Тасма талаасына 1984-жылы аралаша баштап, дебюту "Менин кичинекей келинчегим" тасмасында жасалган. Ингеборга Дапкунайте 1993-жылы Голливудга барып, "Аляска Кид" сериалына тартылган. Кийин Лондонго көчүп келип, ал жакта театр актрисасы болуп иштеп калган. Ал Никита Михалковдун "Күндөн чаалыккандар", "Вампирдин көлөкөсү", "Жаңы Жер" ж.б. тасмаларында роль жараткан.