21- Январь 1976 -жылы “Spice Girls” поп-группасынын мүчөсү, алып баруучу Эмма Бантон туулган
“Spice Girls” поп-группасынын мүчөсү, алып баруучу Эмма Бантон Лондондо туулган. Топтогу “Наристе ырчы кыз” атка конгон Эмма Бантондун апасы каратэ машыктыруучусу болгондуктан, кызын да бул тармакта жакшы даярдаган. Чачын байлап жүрүүнү жактырган Эмма табигый сары чачтуу. Кичинекей кезинен эле модель болууну каалап, балдар үчүн ар кандай буюмдардын жарнамаларына тартылган. Киного тартылуу үчүн болгон күчүн жумшаганы менен кинорежиссёрлор “шыгың жок” деп Эмманы тасма аянтынан узатып коюшчу. Кийин музыкадан окутуучусу “Spice Girls” тобундагы кетип жаткан Мишель Стивенсондун ордуна жүргүзүлүп жаткан кастингге барып көрүүсүн сунуштаган. Жыйынтыгында, топтун жаңы мүчөсү аталган. Топ тарагандан кийин өз карьерасын өстүрүү максатында өз жолу менен кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан