21- Январь 1983 -жылы орусиялык актриса Светлана Ходченкова төрөлгөн
“Чоң шаардагы сүйүү” жана анын уландысы, “Кызматтагы роман. Биздин заман” тасмаларына катышкан орусиялык актриса Светлана Ходченкова Москвада төрөлгөн. Алгач модель катары өзүн сынап кийин актриса болуу каалоосу күч алат. Светлана 2005-жылы Б.Щукин атындагы театралдык институтту аяктайт. Тасмадагы дебюту 2003-жылы Станислав Говорухиндин "Аялзатына бата бергиле" тасмасында болгон. Ал ролу үчүн "Ника" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Светлана Ходченкова 2011-2012-жылдардагы Орусиядагы эң көп гонорар алган актрисалардын сап башында болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан