21- Январь 1959 -жылы
“Парамаунт пикчерз” кинокомпаниясынын түзүүчүсү, режиссёр Сесиль Блаунт де Милль каза болгон
Сесиль Блаунт де Милль - америкалык кинорежиссёр жана продюсер. "Дүйнөдөгү улуу шоу" тасмасы үчүн 1952-жылы "Оскар" сыйлыгына ээ болгон. АКШда аны көптөгөн жылдар бою кинематографиядагы ийгиликтин эталону деп эсептеп келишкен.
Сесиль Блаунт де Миллди көпчүлүк “Парамаунт пикчерз” кинокомпаниясынын түзүүчүсү катары да билишет.
1956-жылы Египетте "Он осуят" аттуу акыркы тасмасын тартуу учурунда Миллдин жүрөк оорусу кармап, ошондон кийин өнөкөткө айланган. Сесиль Блаунт де Милль 77 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болуп, сөөгү "Hollywood Forever" көрүстөнүнө коюлган.