“Патриот”, “Баатырдын окуясы”, “Өркөчтүү тоо” тасмаларына катышкан австралиялык актёр Хитклифф Эндрю Лежердин жансыз денеси өзүнүн Нью-Йорктогу батиринде табылган. Актёрдун өлүмүнүн себеби дароо билинбей, атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын медициналык, наркотикалык ж.б. дары-дармектерден ууланып каза болгондугу белгилүү болгон. Актёрдун сөөгү өзүнүн мекени Австралияга жөнөтүлүп, кичи мекени Перт шаарында жерге берилген. Сүйүүктүү актёру менен коштошууга 500дөн ашуун анын күйөрмандары, кесиптештери келишкен.