21- Январь 2012 -жылы
Кучакташуунун эл аралык күнү
Кучакташуунун эл аралык күнү - эң жаш майрамдардын катарында. Бул эл аралык майрам XX кылымдын 1970-жылдары Европанын студенттери тарабынан негизделип, бирок эмнеден улам пайда болгону белгисиз бойдон калган. Бул күнү тааныган, тааныбаган адамдар бири-бири менен кучакташышат. Аталган майрамды майрамдагандарда "кучакташып жатканда адамдар бири-биринен кандайдыр бир билинбеген жылуулук менен алмашышат" деген ишеним бар. Бирок кучакташуунун пайдалуу жактарын окумуштуулар да далилдешкен. Кучакташуу убагында иммунитет көтөрүлүп, борбордук нерв системинин иштөөсү активдешип, кандагы гемоглобин жогорулайт.