23- Январь 2009 -жылы Ошол убактагы президент Курманбек Бакиев 15тей вице-премьер, министрлер, губернаторлор жана элчилерди кызматынан алган
 Курманбек Бакиев эл ичинде популярдуулугун жогорулатуу максатында баш-аягы 15тей вице-премьер, министрлер, губернаторлор жана элчилерди кызматынан алган.
Бул күнү президенттин жарлыгы менен президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев, уюштуруу жана мамлекеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Каныбек Жороев, тышкы саясат бөлүмүн башчысы Ислан Рыскулов жана биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов, Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков, Сокулук районунун акими Болоткан Кумаров, Бишкектин Ленин районунун акими Марс Саккараев, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Жусупбек Максуталиев ишинен кетишкен. Ошондой эле Кыргыздын Кытайдагы элчиси Кадырбек Сарбаев, Пакистандагы элчиси Нурлан Айтмурзаев, Түркиянын Стамбулдагы башкы консулу Руслан Казакбаев кызматтарынан президенттин жарлыгы менен бошотулган. Андан тышкары Кыргыздын АКШ, Германия, Беларустагы элчилери жана БУУ баштаган эл аралык уюмдардагы өкүлдөрү да Бишкекке кеңешмеге чакырылышкан.
Ал эми өкмөт башчы Игорь Чудиновдун буйругу менен билим берүү жана илим министринин орун басарлары Алмазбек Кадыркулов менен Анатолий Иванников жана Каржы министрлигинин статс-катчысы Мелис Мамбетжановдор да кызматынан бошотулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан