“Евровидение” сынагынын жеңүүчүсү (2004), украиналык ырчы Руслана Лыжичко Украинанын Львов шаарында туулган. Апасынын аракети менен Руслана музыкалык мектепте билим алып, балдардын "Горизонт", "Орион", "Улыбка" сыяктуу ансамблдарында ырдаган. Мектепти аяктаган соң Львовдогу консерваторияга тапшырып, 1995-жылы дирижёр жана пианист адистиги боюнча аяктаган.