26- Январь 2007 -жылы
өкмөт башчылык кызматка Азим Исабековдун ысымы аталган
Феликс Кулов Жогорку Кеңеште премьерликке көрсөтүлгөн талапкерлигине экинчи ирет колдоо таппаган соң, президент өкмөт башчылык кызматына Азим Исабековдун ысымын атаган. Ал бул кызматты 2007-жылдын 29-мартына чейин аркалаган.
Азим Исабеков 1960-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, экономист адистигин алып чыккан. Исабеков өз карьерасын 1980-жылы слесарь жана тракторчу кесибинен баштап, министрлик даражага өсүп жеткен. Убагында президент Курманбек Бакиев Чүй облусунун губернатору болуп турганда анын орун басары болуп иштеген.