26- Январь 2011 -жылы
Интерпол тарабынан энергетика боюнча экс-министр Сапарбек Балкыбековдун колго түшүрүлгөндүгү кабарланган
Ирландиянын Дублин шаарында Интерпол тарабынан энергетика боюнча экс-министр Сапарбек Балкыбековдун колго түшүрүлгөндүгү кабарланган. Башкы прокуратура аны экстрадициялоо боюнча кайрыларын билдирген. Бирок жергиликтүү гезиттердин бири “экс-министр Ирландияда арал сатып алып, өлкөнүн чоң инвесторуна айлангандыктан, аны мекенине кайтарбай коюшу да ыктымал” деп жазып чыккан.