Орусиялык журналист, телеалпаруучу, режиссёр жана актёр Леонид Парфёнов Орусиянын Вологод облусундагы Череповец шаарында туулган. 1977-жылы Ленинграддагы Жданов атындагы университеттин журналистика факультетине тапшырып, аны 1982-жылы аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин эле Леонид Парфёнов өзүнүн эмгек жолун "Правда", "Красная звезда" басылмаларында баштаган. Аны менен катар эле жергиликтүү телеканалда да иштеген. Ошентип, Леонид Парфёнов журналист, телеалпаруучу катары тааныла баштаган.