24- Май 1543 -жылы польшалык астроном, математик Николай Коперник каза болгон
Атактуу польшалык астроном, математик Николай Коперник 70 жашында каза болгон.
Николай Коперник Птолемейдин Ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү системине ишенбөөчүлүктү пайда кылган. Анын гелиоборбордук системине (байыркы гректерде Гелиос – Күн кудайы болгон) Ааламдын борборунда Жер эмес, Күн жайгашкан.
Коперник астрономиянын илим катары кубаттуу өнүгүшүнө түрткү болгон жаңы көз карашты түзүүгө жасаган улуу кадамына чейин астрономияга кызыккан окумуштуулар асман кубулуштарына кайрадан жаңы түшүнүк берүү үстүндө аракет кылышкан. Чиркөө Птолемей теориясын колдогондуктан Коперниктин идеяларына тыюу салган. Коперникти аябай коркуткандыктан, ал теорияларын жайылтуудан тартынган.
Акыры ал өзүнүн улуу ачылыштарын белгилүү "Асман сферасынын айлануусу жөнүндө" китебинде баяндаган. Бул китептин жарык көрүшү көптөгөн талаш-тартыштарды пайда кылып, ааламдын чыныгы табияты жөнүндөгү ой жүгүртүүлөргө алып келген. Коперниктин китеби 1543-жылы өмүрүнүн акыркы күндөрүндө жарык көрүп, бул китеп анын бүт эмгегинин жыйынтыгы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан