28- Январь 2009 -жылы
Майлуу-Суу электр лампа чыгаруучу заводу банкрот деп табылган
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Майлуу-Суу электр лампа чыгаруучу заводун банкрот деп табуу боюнча арыз менен 2009-жылы 22-январда Жалал-Абад областтык сотуна кайрылган. Майлуу-Суу электр лампа чыгаруучу заводунун "Кыргыз газ" ААКсына 34,3 миллион сом, "Кыргызнефтегаз" ААКсына 14,1 миллион сом, "Жалал-Абад электр" ишканасына 5,3 миллион сом, ал эми заводдун жумушчуларына 45,5 миллион сом карызы болгон. Ошентип, Майлуу-Суу электр лампа чыгаруучу заводу банкрот деп табылган.