Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов Сокулук районундагы Мыкан айылында туулган. 10 бир туугандын кичүүсү. 2-класстан кийин Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен бирге билим алган. Музыкалык мектепти аяктаган соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган.